Кытайдан келген жаңгакты Кыргызстанга киргизбей коюшту
Кыргыз-кытай чек арасынан Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак жана макадамия жаңгагы кармалып, жөнөтүүчүгө кайтарылды. Буга карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу себеп болгонун Кыргызстандын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди Дагы жаңылыктар жан

Кыргыз-кытай чек арасынан Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак жана макадамия жаңгагы кармалып, жөнөтүүчүгө кайтарылды. Буга карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу себеп болгонун Кыргызстандын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Ведомстводон билдиришкендей, мыйзам бузуу 10-июнь күнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин бөлүмүнүн Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аныкталган Карантиндик фитосанитардык көзөмөл учурунда адистер жалпы салмагы 24,6 тонна кытайдан чыккан жаңгак жана макадамия жаңгагынын партиясын текшеришти. Каралуучу продукциянын таңгагында милдеттүү түрдө маркировка болбогону аныкталган Буга байланыштуу жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, жөнөтүүчүгө кайтарылган Министрлик түшүндүргөндөй, чечим Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 4.3.4-пунктуна ылайык кабыл алынган
Diğer Haberler

Газета ФИФАнын дүйнөлүк чемпионаты менен Өзбекстандын курама командасынын беттештерин ондогон макалалар менен чагылдырат

4 миңден ашык казакстандык мунапыс боюнча кылмыш жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат - Vlast аналитикалык интернет журналы
