Казакстандан келген 23,8 тонна күрүч Кыргызстанга киргизилген жок
“Чалдыбар” өткөрүү пунктунда 23,8 тонна салмактагы күрүчтүн партиясы Казакстанга кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Фитосанитардык кызматтын маалыматы боюнча, текшерүү учурунда продукциянын таңгагында милдеттүү түрдө маркировка жок экени аныкталган Марки

“Чалдыбар” өткөрүү пунктунда 23,8 тонна салмактагы күрүчтүн партиясы Казакстанга кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Фитосанитардык кызматтын маалыматы боюнча, текшерүү учурунда продукциянын таңгагында милдеттүү түрдө маркировка жок экени аныкталган Маркировканын жоктугу Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү фитосанитардык эрежелерин бузууда. Буга байланыштуу күрүчтүн партиясын Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынып, жүк Казакстан Республикасына кайтарылды


