Казакстандан алынып келинген 2 миң даана карапа гүлдөр Кыргызстанга киргизилген жок
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан “Чоң-Капка” фитосанитардык көзөмөл постунда 2026-жылдын 1-июнунда Казакстандан алынып келинген 2000 даана карапа гүлдөрүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда бул жүктүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар менен

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан “Чоң-Капка” фитосанитардык көзөмөл постунда 2026-жылдын 1-июнунда Казакстандан алынып келинген 2000 даана карапа гүлдөрүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда бул жүктүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар менен транспорттук жүктүн коштоо документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын ортосунда дал келбестик аныкталган. Мыйзам бузууну Суу чарба жана айыл чарба министрлигинин алдындагы Химизациялоо, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Талас департаменти аныктады Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык, бул жүк жөнөтүүчүгө кайтарылды
Diğer Haberler

Мунай кагылышуулардын таасиринен улам көтөрүлдү - Kıbrıs гезити - Kıbrıs News, ТКТР Акыркы мүнөт жана күн тартибиндеги жаңылыктар

Балхаш аэропорту капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди
