Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргыз Республикасы инклюзивдик билим берүүнүн беш жылдык программасын иштеп чыгууну сунуштоодо

Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү системалуу өнүктүрүү жана билим берүү мекемелерин өзгөчө балдардын муктаждыктарына ылайыкташтыруу боюнча беш жылдык программаны иштеп чыгуу зарыл. Мындай бүтүмгө Жогорку Кеңештин Илим, билим, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт ж

0 көрүүeconomist.kg
Кыргыз Республикасы инклюзивдик билим берүүнүн беш жылдык программасын иштеп чыгууну сунуштоодо
Paylaş:

Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү системалуу өнүктүрүү жана билим берүү мекемелерин өзгөчө балдардын муктаждыктарына ылайыкташтыруу боюнча беш жылдык программаны иштеп чыгуу зарыл. Мындай бүтүмгө Жогорку Кеңештин Илим, билим, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү келишти Бүгүн, 15-июнда комитет министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоорун жактырды, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы. Билим берүү мекемелерине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен жумушчу топтун жетекчиси, депутат Салтанат Аманова тааныштырды Программа керек, деп эсептешет эл өкүлдөрү Комитет ошондой эле жөлөкпулдар боюнча парламенттин токтомуна өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Депутат Медер Чотонов түшүндүргөндөй, өзгөртүүлөр «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына ЖОЖдо окууга мамлекеттик 100% жеңилдик киргизүүнү карайт Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!

Kaynak: economist.kg

Diğer Haberler