Кыргыз Республикасында жер тилкелерин мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюунун тартибин жаңылоо сунушталууда
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикте жер тилкелерин мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюунун тартибин өркүндөтүү маселеси каралды Ведомстводон билдиришкендей, бул жааттагы мыйзамдарды жаңылоо иштери 2024-жылдан бери уланып келет. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Дүйнөлүк

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикте жер тилкелерин мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюунун тартибин өркүндөтүү маселеси каралды Ведомстводон билдиришкендей, бул жааттагы мыйзамдарды жаңылоо иштери 2024-жылдан бери уланып келет. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Дүйнөлүк банктын консультациялык колдоосу менен эксперттер учурдагы ченемдик укуктук актыларды талдап чыгышты Мындан тышкары, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жер тилкелерин мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюунун жаңы тартибинин долбоору иштелип чыкты Долбоор боюнча буга чейин өлкөнүн аймактарында коомдук талкуулар өткөн. Документ ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдарга макулдашууга жөнөтүлдү. Жаңы эрежелер жер тилкелерин тартып алуу процедурасын жарандар үчүн түшүнүктүү жана ачык кылууга жардам берет деп күтүлүүдө

