Кыргыз Республикасында уруксат берүүчү документтердин саны дээрлик эки эсеге кыскарган – 905тен 439га чейин
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде президенттин мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга багытталган жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын онунчу жыйыны өттү Жыйында катышуучулар реформалардын а
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде президенттин мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга багытталган жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын онунчу жыйыны өттү Жыйында катышуучулар реформалардын аралык жыйынтыктарын чыгарып, бюрократиядан арылтуу боюнча жаңы демилгелерди талкуулашты Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев билдиргендей, 2025-жылдын март айынан бери ведомстволор аралык комиссия Юстиция министрлиги, Улуттук стратегиялык демилгелер институту жана башка мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган 300гө жакын тапшырмаларды берген. Анын айтымында, жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр борбордук мамлекеттик органдарга да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына да тиешелүү «Электрондук аудит» долбоорунун аркасында текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү эки жумадан үч күнгө кыскарган. Статистикалык отчеттордун формалары да оптималдаштырылган жана майыптуулукту тастыктоо мөөнөттөрү көбөйтүлгөн Мындан тышкары, жеке медициналык уюмдарга онкология, паллиативдик жардам жана медициналык реабилитация багытында иштөөгө уруксат берилди. Ошондой эле жеке клиникаларда эмдөө алууга мүмкүн болуп, алдыңкы эл аралык жөнгө салуучу органдар тарабынан бекитилген дарыларды каттоо жөнөкөйлөштүрүлдү Жыйында маалымдалгандай, комиссия буга чейин жүздөгөн көйгөйлүү маселелерди караган. Бүгүнкү күндө 200гө жакын системалык тапшырмалар аткарылды. 150гө жакын ченемдик укуктук актылар демилгеленген, анын 76сы кабыл алынган, дагы 25и бекитүүнүн акыркы стадиясында Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле салыктык башкарууну жакшыртуу, электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү жана билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы процесстерди оптималдаштыруу маселелерин талкуулашты


