Кербенде Өзбекстан менен чек ара тилкесиндеги жерлерди алмаштыруунун ордуна нейтралдуу аймактын параметрлерин кайра карап чыгууну суранышууда, - дейт депутат
Turmush - Кербен шаарынын тургундары жана шаардык кеңештин депутаттары Өзбекстан менен чек ара тилкесиндеги жерлерди алмаштырууга каршы чыгышууда, деп билдирди депутат Гүлшаркан Култаева (No14 округ) 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Анын айтымында, ага Кербен шаардык кеңешинин депутаттарынан жан

Turmush - Кербен шаарынын тургундары жана шаардык кеңештин депутаттары Өзбекстан менен чек ара тилкесиндеги жерлерди алмаштырууга каршы чыгышууда, деп билдирди депутат Гүлшаркан Култаева (No14 округ) 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Анын айтымында, ага Кербен шаардык кеңешинин депутаттарынан жана шаар тургундарынан кайрылуулар түшкөн, маселе чек ара тилкесинде жайгашкан калктуу конуштарга байланыштуу Ал 2026-жылдын 18-апрелиндеги чек ара маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жыйынынын 21-протоколуна ылайык, ошондой эле 29-апрелден 2-майга чейин Аксы жана Ала-Бука райондорунда өткөн кыргыз-өзбек жумушчу тобунун биргелешкен ишинин жыйынтыгы боюнча Өзбекстан тарапка жер тилкелерин алмашууга уруксат берилгенин билдирди. Кеп Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 8 жеке үй жана 11 турак жай куруу үчүн жер тилкеси тууралуу болуп жатат. Анын ордуна Ак-Терек участкасынан Пахтачы участогунан 6,5 гектар жер тилкесин бөлүп берүү сунушталууда Култаева билдиргендей, окуя болгон жерге Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мурзакулов, Кербен шаарынын мэри Райымжанов, шаардык кеңештин төрагасы Базарбаев, райондук кадастр бөлүмүнүн башчысы Мыйзамов, чек ара кызматынын кызматкерлери жана бир катар депутаттар барып, абал менен таанышты Депутаттын айтымында, Падыша-Ата дарыясына жакын жайгашкан Пахтачы участкасы келечекте туризмди өнүктүрүү жана заманбап эс алуу жайларын куруу үчүн келечектүү аймак катары каралып жаткандыктан, тургундар алмашууга каршы Тургундар Култаева айткандай, жерди алмаштырбай эле маселени чечсе болот деп эсептешет Депутат түшүндүргөндөй, үйлөрдү бузуу зарылчылыгы алардын нейтралдуу зонада жайгашканына байланыштуу, азыркы талаптарга ылайык, туурасы 50 метрге чейин болушу керек. Тургундардын айтымында, 20 метрге чейин кыскартылса, турак жайларды бузуунун кажети жок болот Култаева тиешелүү мамлекеттик органдардан көтөрүлгөн маселелерди иликтеп чыгып, кат жүзүндө жооп берүүнү суранды


