Казакстан 2026-жылы аскердик парад өткөрүүдөн баш тартты
Ведомстводон билдиришкендей, салттуу параддын ордуна бир катар аскердик-патриоттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Алардын катарында эрдик сабактары, аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин сыйлоо, экологиялык иш-чаралар, аскердик оркестрлердин жүрүштөрү, чыгармачыл топтордун оюн-зоок көрсөтүүлөрү

Ведомстводон билдиришкендей, салттуу параддын ордуна бир катар аскердик-патриоттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Алардын катарында эрдик сабактары, аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин сыйлоо, экологиялык иш-чаралар, аскердик оркестрлердин жүрүштөрү, чыгармачыл топтордун оюн-зоок көрсөтүүлөрү, ошондой эле аскердик техниканын жана курал-жарактардын көргөзмөлөрү бар Мындан тышкары, өлкөнүн ар кайсы аймактарында “Солдат боткосу” акциялары жана ачык эшиктер күнү өткөрүлөт Коргоо министрлиги парадды быйыл өткөрбөө чечими акыркы экенин баса белгиледи Белгилей кетсек, өткөн жылдары даталардын урматына параддар өткөрүлүп келген. Ошентип, 2025-жылы Астанада миңдеген аскер кызматкерлеринин, жүздөгөн техниканын жана авиациянын катышуусунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара өткөрүлдү


