Казакстанда көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү белгилүү болду
Жарыяланганы 4-июнь, 2026-жыл 11:52 Казакстан балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын өнүктүрүүнү улантууда. Социалдык жөлөкпулдар баланын жашоосунун ар кандай этаптарын камтыйт - төрөлгөндөн баштап бойго жеткенге чейин Өкмөт маалымдагандай, бул багыттагы мамлекеттик саясат үй

Жарыяланганы 4-июнь, 2026-жыл 11:52 Казакстан балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын өнүктүрүүнү улантууда. Социалдык жөлөкпулдар баланын жашоосунун ар кандай этаптарын камтыйт - төрөлгөндөн баштап бойго жеткенге чейин Өкмөт маалымдагандай, бул багыттагы мамлекеттик саясат үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун жогорулатууга жана балдарды тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган Бүгүнкү күндө Казакстанда балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулдун беш негизги түрү бар. Биринчи, экинчи жана үчүнчү бала төрөлгөндө 164 350 теңге өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Төртүнчү жана андан кийинки балдар үчүн төлөмдүн суммасы 272 475 теңгени түзөт Иштеп жаткан аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бир жарым жашка чейинки баланы багуу боюнча өзүнчө социалдык пособиелер белгиленет. 2026-жылдын 1-майына карата төрөт боюнча орточо төлөм 1,2 миллион теңгеге жеткен Баланы багуу боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 86 062 теңгени түздү Кирешенин деңгээлине карабастан, мамлекет төрт жана андан көп баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө да ай сайын жөлөкпул төлөп турат. Төлөмдөрдүн суммасы балдардын санына жараша болот жана 69 330дан 121 360 тенгеге чейин өзгөрөт. «Алтын Алка» жана «Күміс Алка» ордендери менен сыйланган энелерге кошумча колдоо көрсөтүү чаралары каралган Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө атайын жардамдар көрсөтүлөт. Мындай үй-бүлөлөргө ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул 81 871 теңгени түзөт. Өкмөттүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 630 миңден ашык көп балалуу үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрү менен камсыздалган. «Отбасы Банктын» колдоосу менен 8 миң казак үй-бүлөсү жаңы ижарага алынган турак жайга көчүп кирди Буга чейин 2,4 миң үй-бүлө 2% жана 5% үстөк менен ипотекага турак жай ала турганы белгилүү болгон «Отбасы Банкынын» колдоосу менен 8 миң казак үй-бүлөсү жаңы ижарага алынган турак жайга көчүп кирди: бул жерден окуңуз


