Казакстанда пара бергени үчүн эле эмес, берем деп убада бергени үчүн да айып пул төлөшөт
Казакстанда параны эч кимге бербесе, берем деп убада кылса да жазалай баштамакчы болуп жатышат. Бул тууралуу Tengrinews жазып чыкты Коррупцияга каршы мыйзамга киргизилген мындай өзгөртүүлөр бүгүн, 6-майда коңшу өлкөнүн Мажилисинде талкууланды. Депутат Айдос Сарым мыйзамды катаалдаштырып, эми пара ү

Казакстанда параны эч кимге бербесе, берем деп убада кылса да жазалай баштамакчы болуп жатышат. Бул тууралуу Tengrinews жазып чыкты Коррупцияга каршы мыйзамга киргизилген мындай өзгөртүүлөр бүгүн, 6-майда коңшу өлкөнүн Мажилисинде талкууланды. Депутат Айдос Сарым мыйзамды катаалдаштырып, эми пара үчүн эле эмес, ага чейинки аракеттерди да жазалай турганын айтты «Долбоор убада, сунуш, пара талап кылуу менен байланышкан жосундарды кылмыш катары карайт», - деп түшүндүрдү ал Депутаттын айтымында, эми бир гана жазалоо эмес, коррупциянын такыр пайда болбошуна дагы көңүл бурулат. Буга жетишүү үчүн кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүүнүн жол-жобосу кененирээк баяндалып, комплаенс жана этика кызматтарынын ролу күчөтүлүүдө Катаал чектөөлөр дагы киргизилип жатат - кызмат адамдарына өз ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга түздөн-түз тыюу салынат. "Жеке пайда" түшүнүгү кеңейүүдө - мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн мүмкүн болуучу кызыкчылыктарын жарыялоого (б.а. расмий түрдө жарыялоого) туура келет. "Коррупцияга каршы чектөөлөр кызматтык ыйгарым укуктарды жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга жол бербөө түрүндө киргизилип жатат. "Жеке кызыкчылык" түшүнүгүн ачыкка чыгаруу - бул жеке кызыкчылыкты жарыялоо милдети. Биргелешип кызмат өтөөгө жол берилгис адамдардын чөйрөсү тиешелүү жактарды камтуу менен кеңейтилди", - деди депутат Ошондой эле, эгерде кызыкчылыктардын кагылышуусу өз убагында чечилбесе, жазаланары белгиленген. Ал эми кызыкчылыктардын кагылышуусу кырдаалында кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн
Diğer Haberler

Учурда Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 60 ардагери жана ага теңештирилген адамдар жашайт

Neytrallıq, sanksiyalar və məhbusların taleyi. Ukraynanın Qırğızıstandakı səfiri ilə - müharibə və Orta Asiya ilə əlaqələr haqqında
