Карши районундагы май куюучу жайда жарылуу болду (видео)
Кашкадарыя облусунун Карши районунда турмуш-тиричилик газ баллондорун суюлтулган газ менен толтуруучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 8-июнь күнү саат 13:50 чамасында Чаман махалласынын аймагында болгон. Б

Кашкадарыя облусунун Карши районунда турмуш-тиричилик газ баллондорун суюлтулган газ менен толтуруучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 8-июнь күнү саат 13:50 чамасында Чаман махалласынын аймагында болгон. Билдирүү түшкөндөн кийин окуя болгон жерге куткаруучу бөлүмдөр ыкчам жөнөтүлгөн Учурда жарылуудан келип чыккан өрттү өчүрүү үчүн өзгөчө кырдаалдар кызматы иштеп жатат. Мүмкүн болгон жабырлануучулар жана келтирилген зыяндын көлөмү тууралуу маалымат азырынча тактала элек Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланарын белгиледи Буга чейин Пакистанда базардагы жардыруудан тогуз киши каза болгон Ката тапсаңыз, тексттин бир бөлүгүн тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басыңыз


