Кара-Суу районунда буудай жана арпа эгиндери текшерилди
Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл чарба өсүмдүктөрүн жана жашылча-жемиш чарбачылыгын экспертизалоо бөлүмүнүн адистери буудай жана арпа эгиндерине мониторинг жүргүзүштү. Текшерүү Кыргызстандын сорт сыноочу ишканасынын Отуз-Адыр филиалында болгонун Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билд
Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл чарба өсүмдүктөрүн жана жашылча-жемиш чарбачылыгын экспертизалоо бөлүмүнүн адистери буудай жана арпа эгиндерине мониторинг жүргүзүштү. Текшерүү Кыргызстандын сорт сыноочу ишканасынын Отуз-Адыр филиалында болгонун Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Иш сапардын жүрүшүндө адистер айдоо аянттарынын учурдагы абалына баа берип, ошондой эле дыйкандарга керектүү сунуштарды жана тапшырмаларды беришти. Азыр сыналган буудай талааларында сорттук тазалыкты катуу сактоо үчүн зарыл болгон отоо чөптөрдү жана аралаш өсүмдүктөрдү тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


