Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кара-Сууда мамлекеттик кызматкерлер муниципалдык жерлерди мыйзамсыз саткан деп шектелүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициянын маалыматы боюнча, Эсеп палатасынын пландык текшерүүсүнөн кийин Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында жалпы аянты

0 көрүүkaktus.media
Кара-Сууда мамлекеттик кызматкерлер муниципалдык жерлерди мыйзамсыз саткан деп шектелүүдө
Paylaş:

Ош облусунун Кара-Суу районунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициянын маалыматы боюнча, Эсеп палатасынын пландык текшерүүсүнөн кийин Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында жалпы аянты 4544 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталган. м Бул фактынын негизинде Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө үчүн иш Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке 10 миллион 350 миң 200 сом өлчөмүндө өзгөчө ири материалдык зыян келтирилгени аныкталган 2026-жылдын 4-июнунда тергөө кызматына Жоош айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты К.О., сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис А.С. жана Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы Т.Н Алар шектүү катары кармалып, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler