Ысык-Көл облусунда Акчабарда каттоосу жана уруксаты жок кафенин курулушу токтотулду
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында коомдук тамактануучу жайдын мыйзамсыз курулушу токтотулду. Мыйзам бузууну Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери пландан тышкаркы текшерүү учурунда аныкташкан Ведомстводон билдиришкендей, М

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында коомдук тамактануучу жайдын мыйзамсыз курулушу токтотулду. Мыйзам бузууну Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери пландан тышкаркы текшерүү учурунда аныкташкан Ведомстводон билдиришкендей, Манас көчөсү, 92 дарегинде жайгашкан кафе керектүү уруксаат документтери жок курулган. Мындан тышкары, объект курулуп жаткан объектилердин мамлекеттик реестрине катталбай калган, бул шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу болуп саналат Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жаран М.В.И. тиешелүү акт түзүлдү. Мыйзам бузуулар үчүн ага 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, жазуу жүзүндө эскертүү да берилген Уруксат берүүчү документтер мыйзамда белгиленген тартипте толук бүтмөйүнчө объектте курулуш иштери токтотулду Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы объекттерди уруксатсыз куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келерин эскертип, курулуш иштеринин бардык катышуучуларын курулуш нормаларын жана техникалык регламенттерин сактоого чакырды Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз


