Иран 2 миңден ашык туткунга ырайым кылганын жарыялады
Ирандын жогорку лидери Аятолла Можтаба Хаменеи 2 миңден ашуун соттолгондорго ырайым кылуу жарлыгына кол койду Мизан агенттигинин маалыматына караганда, чечим тыңчылык, ошондой эле Ирандын улуттук коопсуздугуна шек келтирүү менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга тиешеси жок Бул Можта

Ирандын жогорку лидери Аятолла Можтаба Хаменеи 2 миңден ашуун соттолгондорго ырайым кылуу жарлыгына кол койду Мизан агенттигинин маалыматына караганда, чечим тыңчылык, ошондой эле Ирандын улуттук коопсуздугуна шек келтирүү менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга тиешеси жок Бул Можтаба Хаменеи атасы аятолла Али Хаменеи каза болгондон кийин өлкөнүн жогорку лидери болуп шайлангандан бери кол койгон биринчи жардык Можтаба кызматка киришкенден бери Хаменеи эл алдына чыга элек. Буга чейин анын кеңсесинин протоколдук кызматынын башчысы Мазахер Хоссейни жаңы жогорку лидердин ден соолугу чың экенин жана АКШ менен Израилдин Ирандын аймагына жасаган соккуларынын натыйжасында алган жаракаттарынан дээрлик айыгып калганын билдирген Ката тапсаңыз, тексттин бир бөлүгүн тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басыңыз

