Грузияда коопсуздук күчтөрү 45 мыйзамсыз иммигранттарды кармады. Алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандары бар
Грузияда күч органдары мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштүн алкагында 45 чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди Кармалгандардын арасында Кения, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Пакистан, Алжир, Таиланд, Уганда, Индия, Бангладеш

Грузияда күч органдары мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштүн алкагында 45 чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди Кармалгандардын арасында Кения, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Пакистан, Алжир, Таиланд, Уганда, Индия, Бангладеш, Танзания, Эфиопия, Нигерия жана Судандын жарандары бар «Иммиграцияны көзөмөлдөө боюнча атайын иш-чаралардын алкагында департаменттин кызматкерлери ар кандай максатта белгилүү бир жерлерди жана объектилерди текшерип, Грузияда мыйзамдуу негиздерсиз жүргөн чет элдик жарандарды аныктоого багытталган», — деп айтылат билдирүүдө. Алардын баары өлкөдөн чыгарылат Грузиянын Ички иштер министрлиги мындай рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүп, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди өлкөдөн чыгарып турат Буга чейин өлкөдө иммиграция мыйзамдары катаалданган. Тактап айтканда, жүрүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн айып пул көбөйтүлүп, нааразылык акцияларына катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарууга уруксат берилди. 2025-жылдын 11 айында өлкөдө мыйзамдуу негизсиз жүргөн 1131 чет элдик жаран Грузиядан чыгарылды Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


.jpg&w=2048&q=70)