Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Мамлекеттик спорт агенттиги спортчунун тамак-ашына 480 сом жетпей турганын мойнуна алды

«Спорт АКИpress» - Ш. Сыдыков атындагы спорт колледжи тамак-аштын санына жана сапатына нааразы экенин депутат Жылдыз Эгенбердиева билдирди 10-июнда Жогорку Кеңеште “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды Талкууда депутат ага колледждин студен

0 көрүүakipress.org
Мамлекеттик спорт агенттиги спортчунун тамак-ашына 480 сом жетпей турганын мойнуна алды
Paylaş:

«Спорт АКИpress» - Ш. Сыдыков атындагы спорт колледжи тамак-аштын санына жана сапатына нааразы экенин депутат Жылдыз Эгенбердиева билдирди 10-июнда Жогорку Кеңеште “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды Талкууда депутат ага колледждин студенттеринин ата-энелери байланышып жатканын айтты. Алардын айтымында, тамактын порциялары өтө аз жана балдар ачка калууда. Ата-энелер да балдарын мелдештерге өз алдынча ташууга аргасыз болуп жатканын айтышууда. Ал спортчулар витаминдер менен камсыз болуп жатабы жана бул чыгымдар мамлекет тарабынан каржыланып жатабы деген суроону койду Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев бул чыгымдардын баары мамлекет тарабынан каралып жатканын айтты Анын айтымында, мындан эки жыл мурун бир баланын тамактануусуна бөлүнгөн каражат күнүнө 480 сомго чейин көтөрүлгөн, бирок бул каражат жетишсиз «Менде балдар ачка болуп жатканы тууралуу маалымат жок. Мындай маалыматты кантип алганыңызды билбейм. Бирок мен бул маселени көзөмөлгө алам. Азык-түлүк жетиштүү», - деди Асанбаев Ал айрым учурларда демөөрчүлөр, ата-энелер да спортчуларга акчалай жардам берип жатканын айтты «Тамак-аш, мелдештерге баруу, витаминдер менен камсыздоо мамлекет тарабынан толук каржыланат. Бирок каржылоону көбөйтүүгө болот дегенге макулбуз», - деп кошумчалады Мамлекеттик агенттиктин башчысы

Diğer Haberler