Алматы тоолорунда турист жардан кулап кетти
Алматынын Медеу районунда 3020 метр бийиктиктеги Мыңжылкы трассасында Малыш чокусунан түшүү маалында кырсык катталды — туристтик топтун мүчөсү аскадан кулап, жаракат алды, деп билдирет Orda.kz ӨКМ билдиргендей, жабырлануучу 2007-жылы туулган жигит болгон. Окуя топ тоо жолдо бара жаткан учурда болг

Алматынын Медеу районунда 3020 метр бийиктиктеги Мыңжылкы трассасында Малыш чокусунан түшүү маалында кырсык катталды — туристтик топтун мүчөсү аскадан кулап, жаракат алды, деп билдирет Orda.kz ӨКМ билдиргендей, жабырлануучу 2007-жылы туулган жигит болгон. Окуя топ тоо жолдо бара жаткан учурда болгон Куткаруучулар жабырлануучуну таап, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, жетүүгө кыйын аймактан эвакуациялашты Турист коопсуз аймакка жеткирилгенден кийин ӨКМдин Тез жардам борборунун кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Анын абалы такталып жатат Топтун калган үч мүчөсү жабыркаган эмес. Куткаруучулар аларды коштоп түшүрүштү; алар медициналык жардамды талап кылган эмес


