Евробиримдик бир жыл ичинде орустарга 620 миңден ашык Шенген визасын берген
2025-жылы Евробиримдик өлкөлөрү орус жарандарына 620 миңден ашык виза беришкен, бул 2024-жылга салыштырмалуу 10,2 пайызга көп. Бул тууралуу Euractiv Евробиримдиктин жашыруун маалыматтарына таянуу менен билдирди Өткөн жылы орус жарандарына берилген Шенген визаларынын басымдуу бөлүгүн туристтик виза

2025-жылы Евробиримдик өлкөлөрү орус жарандарына 620 миңден ашык виза беришкен, бул 2024-жылга салыштырмалуу 10,2 пайызга көп. Бул тууралуу Euractiv Евробиримдиктин жашыруун маалыматтарына таянуу менен билдирди Өткөн жылы орус жарандарына берилген Шенген визаларынын басымдуу бөлүгүн туристтик визалар түзгөн – 477 миң, же жалпысынан 77 пайыз. Euractivтин маалыматы боюнча, орустарга эң көп визаны Франция, Италия жана Испания берген Ошол эле маалда Евробиримдиктин мүчөлүгүн сактап туруп Шенген келишимине катышпоо укугу бар Ирландия менен Европа Биримдигине мүчө болбостон Шенген эрежелерине кошулган Норвегия, Швейцария жана Исландия тарабынан берилген визалар статистикага кирген эмес Ушул эле мезгилде россиялыктар Шенген визасын алуу үчүн 670 миңден ашык арыз беришкен, бул былтыркыга салыштырмалуу 8 пайызга көп Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүнөн кийин Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга Шенген визасын алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин жокко чыгарышты. Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Балтика өлкөлөрү, Польша, Чехия, Дания орус жарандарына туристтик виза берүүнү таптакыр токтотту. Бирок башка өлкөлөр аларды чыгарууну улантууда. Натыйжада орусиялык туристтер Европага дагы эле барышат, бирок алардын саны согушка чейинкиге караганда азыраак Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


