Чолпон-Ата шаарында ипподромду капиталдык оңдоо иштери уланууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты 2026-жылдан тарта ишке аша турган долбоор объектинин негизги бөлүктөрүн жаңылоодо. Тактап айтканда, капиталдык оңдоодон VIP аянты, конок

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты 2026-жылдан тарта ишке аша турган долбоор объектинин негизги бөлүктөрүн жаңылоодо. Тактап айтканда, капиталдык оңдоодон VIP аянты, конок бөлмөлөрү, стенддер, административдик жайлар, жер төлө жана унаа токтотуучу жай камтылган. Мындан тышкары, кире бериштеги плиткалар алмаштырылып, коммуналдык тармактар толук жаңыланууда Учурда курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Министр аткарылган иштердин сапатына жана курулуштун ыргагына өзгөчө көңүл буруп, бардык иш-чараларды белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды Объект республикалык бюджеттен каржыланып, иштин жүрүшү курулуш министрлигинин көзөмөлүндө Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун тарыхы 1930-жылдардан башталат. 2014-жылы Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата имарат реконструкцияланып, 2018-жылы толук оңдоодон өткөн. Бүгүнкү күндө бул 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап ат комплекси


