Болгарияда жаңы өкмөт түзүлдү
Болгариянын парламенти «Прогрессивдүү Болгария» партиясынын лидери Румен Радевди өлкөнүн премьер-министри кызматына бекитти. Анын талапкерлигине 124 депутат "макул", 70 депутат "каршы", дагы 36 депутат калыс добуш берди Премьер-министр менен бирге өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Иван Демерджиев ИД

Болгариянын парламенти «Прогрессивдүү Болгария» партиясынын лидери Румен Радевди өлкөнүн премьер-министри кызматына бекитти. Анын талапкерлигине 124 депутат "макул", 70 депутат "каршы", дагы 36 депутат калыс добуш берди Премьер-министр менен бирге өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Иван Демерджиев ИДМ начальниги, Димитар Стоянов коргоо министри, Велислава Петрова-Чамова тышкы иштер министри болду. Добуш берүүдөн кийин министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламентте ант беришти 2026-жылдын башынан бери Болгария Росен Желязков кеткенден кийин убактылуу өкмөт менен жашап келет. Апрель айындагы кезексиз парламенттик шайлоодо Радевдун партиясы 44,5% добушка ээ болуп, парламенттеги 240 орундун 131ин алган Радев Болгарияны 2017-жылдан бери президент кылып башкарып, 2026-жылы январь айында экономикалык саясат жана коррупцияга каршы массалык нааразылык акцияларынан улам кызматтан кеткен. Конституцияга ылайык, ал үчүнчү мөөнөткө талапкер боло алган эмес

