Бишкекте интернет-банкинг аркылуу 20 миллион сом уурдаган деп шектелгендер кармалды
Бишкекте интернет-банкинг системасы аркылуу ЖЧКнын эсептеринен 20 миллион сом уурдоого шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди Милициянын маалыматына караганда, 9-июнда ЖЧКнын директорунун орун басары Бишкек шаардык ички иштер башкы баш

Бишкекте интернет-банкинг системасы аркылуу ЖЧКнын эсептеринен 20 миллион сом уурдоого шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди Милициянын маалыматына караганда, 9-июнда ЖЧКнын директорунун орун басары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал интернет-банкинг системасына уруксатсыз кирүү жолу менен компаниянын эсептеринен 20 миллион сом уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган В.П. жана 1984-жылы туулган Н.Н. кармалып, алар ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди Соттун чечими менен шектүүгө эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген. Алар Бишкектеги 1-СИЗОго киргизилет Учурда тергөө иштери уланууда. Милиция кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоодо Буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов интернет шылуундар бир күндө банктан 20 миллион сом чыгарып салышканын билдирген. Ал банктын атын атаган жок, бирок окуя өткөн аптада болгонун белгиледи. Депутат кырдаал банктын өзүнүн кемчиликтерине байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтып, Улуттук банкты коммерциялык банктарга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды


