Бишкекте батирди ижарага берүү боюнча алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды
Бишкекте Lalafo онлайн платформасы аркылуу батирди ижарага алууда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Милициянын айтымында, жабырлануучу ага 50 миң сом которгон, андан кийин ал байланышпай калган Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен М.Э. Ал 2026-жылдын

Бишкекте Lalafo онлайн платформасы аркылуу батирди ижарага алууда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Милициянын айтымында, жабырлануучу ага 50 миң сом которгон, андан кийин ал байланышпай калган Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен М.Э. Ал 2026-жылдын 15-майында батирди ижарага берем деген шылтоо менен акчасын алдоо жолу менен ээлеп алган белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган Бул фактынын негизинде Октябрь РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1982-жылы туулган К.К.нын өздүгү такталып, кармалып, тергөө кызматына киргизилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди Милициянын маалыматына караганда, кармалган жаран башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына да катыштыгы болушу мүмкүн Тергөө иштери уланууда
Diğer Haberler

ЖМК: АКШ меморандумга кол койгондон кийин Иранга мунай сатууга уруксат берет

АКШнын күчтүү ысымдары жашыруун коомдо жолугуп, анын чоо-жайы ачыкка чыккан: “Ядролук куралды кайра алып кел”, “Салт башта” тематикалык жолугушуулар, матчтык кызматтар... | T24
