Бишкекте "Бандит" рейдинин алкагында 20дан ашык адам милицияга жеткирилди (видео)
Бишкекте “Бандит” ыкчам-профилактикалык рейдинин алкагында 20дан ашык адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти Ведомстводон билдиришкендей, рейд коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо максатында өткөрүлдү

Бишкекте “Бандит” ыкчам-профилактикалык рейдинин алкагында 20дан ашык адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти Ведомстводон билдиришкендей, рейд коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо максатында өткөрүлдү Иш-чаранын негизги максаты тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды издөө, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана баңги заттарды аныктоо жана алуу Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуулуктун абалына таасиринин алдын алууга багытталган профилактикалык иштер жүргүзүлдү Рейддин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан максаттуу текшерүү, ыкчам издөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен 20дан ашык адам кошумча тергөө жана кылмыштарга жана укук бузууларга катыштыгы бар экендигин тактоо үчүн ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилди ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары ички иштер органдарынын ыкчам-профилактикалык каттоосунда турат Мындан тышкары ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, баңгизаттарды жана башка тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз сактоо фактыларын аныктоо боюнча чаралар көрүлдү


