Бишкекте 16-июндан тарта Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине жабылат
Бишкекте 16-июндан тарта Фрунзе көчөсүнүн Осмонкула көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Чектөөлөр 2026-жылдын 1-августуна чейин күчүндө болот Мэриянын маалыматына караганда, бул иштер борбор калаанын жол тармагын реабилитациялоо долбоорунун алкагында жүрг

Бишкекте 16-июндан тарта Фрунзе көчөсүнүн Осмонкула көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Чектөөлөр 2026-жылдын 1-августуна чейин күчүндө болот Мэриянын маалыматына караганда, бул иштер борбор калаанын жол тармагын реабилитациялоо долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө Бул Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоонун биринчи этабы. Жалпысынан долбоор Осмонкула көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аймакты оңдоону камтыйт Муниципалитет оңдоп-түзөө иштеринин транспорттук абалга тийгизген таасирин азайтуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн этап-этабы менен жол кыймылы токтотула турганын белгиледи Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарды алдын ала пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт Иштин жүрүшү жана оңдоонун кийинки этаптары тууралуу кошумча маалымат мэриянын расмий ресурстарында жарыяланат


