Бишкекте май айынын башында дайынсыз жоголгон 35 жаштагы жаран изделүүдө
Бишкекте милиция 1991-жылы туулган Анарбек уулу Улукбекти издеп жатат.Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ал 8-майда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек ОИИБ билдиргендей, 23-майда анын эжеси А.М. арыз менен кайрылган. Ал инисинин жүргөн жерин аныктоого жардам с

Бишкекте милиция 1991-жылы туулган Анарбек уулу Улукбекти издеп жатат.Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ал 8-майда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек ОИИБ билдиргендей, 23-майда анын эжеси А.М. арыз менен кайрылган. Ал инисинин жүргөн жерин аныктоого жардам сурап кайрылган Колдо болгон маалыматтарга караганда, 8-май күнү саат 10:00дөр чамасында Анарбек уулу Улукбек Бишкектин Леваневский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Анын кайда экени белгисиз бойдон калууда Арыз ээсинин айтымында, анын жанында узак убакыт бою үйдөн чыгуу ниетин билдире турган документтери жана жеке буюмдары болгон эмес Изделип жаткан адамдын белгилери: бою 170-175 см, арык денелүү, чачы кыска кыркылган кара Ал ак футболка, кара шым жана кара кроссовка кийип жүргөн Тергөөнүн жүрүшүндө ал адам акыркы жолу 10-майда эжеси менен телефон аркылуу байланышканы аныкталган. Ошондон кийин кайра чалган жок Анарбек уулу Улукбектин кайда экени тууралуу маалыматы бар жарандарды Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына же төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну суранабыз:


