Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын 19-форуму өтөт

«Маданият» (АКИpress) - 9-10-июнь күндөрү Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын 19-форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Иш-чара гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Шериктештик өлкөлөрүнүн ма

0 көрүүakipress.org
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын 19-форуму өтөт
Paylaş:

«Маданият» (АКИpress) - 9-10-июнь күндөрү Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын 19-форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Иш-чара гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Шериктештик өлкөлөрүнүн маданият, илим, билим, искусство жана коомдук мекемелеринин өкүлдөрүн чогултуу максатында уюштурулган Форумда илим, билим, маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү маселелери каралат. КМШнын 35 жылдыгына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына өзгөчө көңүл бурулат Форумдун алкагында КМШ мамлекеттер аралык «Шериктештиктин жылдыздары» жана жаштардын «Дебюттардын шериктештиги» сыйлыктары тапшырылат Программада чыгармачылык жолугушуулар, КМШ жаштар симфониялык оркестринин концерттери жана Чыңгыз Айтматовго арналган кече бар Форумдун жыйынтыгында КМШга мүчө мамлекеттердин мындан аркы гуманитардык өз ара аракеттенүүсүнүн багыттарын аныктаган резолюция кабыл алынат

Diğer Haberler