Бишкекте эл аралык кинофестивалдын алкагында Монгол киносунун жумалыгы өтөт
«Маданият» (АКИpress) - 9-12-июнь күндөрү Бишкекте Монгол киносунун жумалыгы өтөт, деп билдирди Маданият министрлигинин басма сөз кызматы "Ала-Тоо" кинотеатрынын чоң залында IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында атайын сынактан тышкары программа болот Көрүүчүлөргө Монголиянын маданиятын

«Маданият» (АКИpress) - 9-12-июнь күндөрү Бишкекте Монгол киносунун жумалыгы өтөт, деп билдирди Маданият министрлигинин басма сөз кызматы "Ала-Тоо" кинотеатрынын чоң залында IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында атайын сынактан тышкары программа болот Көрүүчүлөргө Монголиянын маданиятын, каада-салтын жана коомдун социалдык маселелерин чагылдырган заманбап тасмалар көрсөтүлөт Программада теменку фильмдер бар: «Горизонт» (режиссер Батделгер Бямбасурен), «Тынч шаардын шоферу» (режиссер. Сенгедорж Жанчивдорж), режиссёрдук жана актёрдук чеберчилик учун сыйланган «Шамал шаар» (режиссер Лхагвадулам Пурев-Очир) Жаш шаман тууралуу драма "Шамал шаар" 80-Венеция кинофестивалынын "Горизонт" программасына катышып, Монголия тарабынан "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн


