Бишкекте Баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата бекер викторина өткөрүлөт
25-июнда Бишкекте Эл аралык баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата интеллектуалдык викторина өтөт Уюштуруучулар катышуучуларга алты кызыктуу раунд, командалык мелдеш, жаңы таанышуулар жана жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктарды убада кылышууда Иш-чара Чүй пр., 168а дареги боюнча "Тунгуч" театрында өтөт. Ка

25-июнда Бишкекте Эл аралык баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата интеллектуалдык викторина өтөт Уюштуруучулар катышуучуларга алты кызыктуу раунд, командалык мелдеш, жаңы таанышуулар жана жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктарды убада кылышууда Иш-чара Чүй пр., 168а дареги боюнча "Тунгуч" театрында өтөт. Катышуучуларды чогултуу саат 10:00дө башталат Викторинадан тышкары конокторго “Ден соолук модалуу” сүрөт көргөзмөсү, сыйлык тапшыруу аземи жана кофе-брейк болот Катышууга 4-8 адамдан турган командалар чакырылат. Катышуу акысыз, бирок орундардын саны чектелүү. Катталуу үчүн команданын капитаны атайын форманы толтуруу керек Иш-чараны ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Республикалык психиатрия жана наркология борбору CADAP программасынын колдоосу менен уюштурууда


