Бишкекте кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтер аралык консулдук консультациялары өттү
Бишкек (АКИpress) – 10-июнда Бишкекте кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтер аралык консулдук консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Делегацияны Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу жана Кытайд

Бишкек (АКИpress) – 10-июнда Бишкекте кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтер аралык консулдук консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Делегацияны Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Лон Чжоу жетектеп барышты Директорлор визаны либералдаштыруу, эки өлкөнүн жарандарынын жана ишканаларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин, эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты Мындан тышкары, соттолгон жарандарды экстрадициялоо маселеси талкууланды. Кыргыз тарап КЭР аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктарды которуу боюнча арыздарды кароону тездетүүнү жана мындан аркы көмөк көрсөтүүнү суранды


