Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте түнкү чуркоо болуп өттү

Бишкекте жыл сайын өтүүчү “Түнкү чуркоо” өттү. Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, ага 3500 адам катышты Иш-чара 13-июнда болуп, катышуучулар 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашты. Жарышка кесипкөй спортчулар, ышкыбоз жөө күлүктөр, ошондой эле 14 жаштан жогорку ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чект

0 көрүүkaktus.media
Бишкекте түнкү чуркоо болуп өттү
Paylaş:

Бишкекте жыл сайын өтүүчү “Түнкү чуркоо” өттү. Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, ага 3500 адам катышты Иш-чара 13-июнда болуп, катышуучулар 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашты. Жарышка кесипкөй спортчулар, ышкыбоз жөө күлүктөр, ошондой эле 14 жаштан жогорку ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты Ачылыш аземге Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты. Ал катышуучуларга ийгилик каалап, мэрия сергек жашоо образын пропагандалоого жана ышкыбоздор спортун өнүктүрүүгө багытталган массалык спорттук иш-чараларды колдоорун белгиледи Жарыштын жыйынтыгы менен эки аралыкта эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпы жеңүүчүлөргө жана экинчи орунга ээ болгондор медаль жана грамоталар менен сыйланышты Мэрия жарыш күн баткандан кийин болгонун белгиледи. Трасса жаркыраган жарык болуп, музыка жаңырып, көрүүчүлөр катышуучуларды колдоп турушту

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler