Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте курулуп жаткан турак жай комплексинде өрт чыкты (видео)

Бишкектин Майрам көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан курулуштан өрт чыкты.Алдын ала маалымат боюнча өрт курулуп жаткан турак жайдын чатырынан башталган. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти Окуя бүгүн, 16-июнда 3-4 кабаттуу турак жай комплексинде болгон Окуядан кийин Курулуш министрлигине кар

0 көрүүkaktus.media
Бишкекте курулуп жаткан турак жай комплексинде өрт чыкты (видео)
Paylaş:

Бишкектин Майрам көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан курулуштан өрт чыкты.Алдын ала маалымат боюнча өрт курулуп жаткан турак жайдын чатырынан башталган. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти Окуя бүгүн, 16-июнда 3-4 кабаттуу турак жай комплексинде болгон Окуядан кийин Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору жеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү Анын жыйынтыгы менен «Атрий» ЖЧКсына жазуу жүзүндө эскертүү берилген. Подрядчы курулуш нормаларынын, коопсуздук эрежелеринин, өрт коопсуздугунун жана эмгекти коргоонун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү Учурда өрт болгон аймак жана окуянын кесепеттери такталууда. Объекттин техникалык абалын баалоо үчүн подрядчыга инженердик-техникалык экспертиза жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органдардын корутундусун берүү тапшырылды Курулуш министрлиги курулуш объекттеринде коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгиледи

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler