Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте Мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрү өтүүдө

2026-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башт

0 көрүүknews.kg
Бишкекте Мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрү өтүүдө
Paylaş:

2026-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башталды Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз бөлүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев жетектейт Сүйлөшүүлөр 2026-жылдын 8-июнунан 11-июнуна чейин эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Узундугу 1000 чакырымдан ашкан кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы эл аралык укукта толугу менен таризделет. Делимитация жана демаркация процесстери аяктады, мамлекеттик чек ара сызыгы жеринде чек ара белгилери менен белгиленген Каралып жаткан документтин долбоору мамлекеттик чек араны кармоонун, аны өткөрүүнүн, ал аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн, чек арада чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, ошондой эле бул эрежелерди бузуу менен байланышкан чек ара инциденттерин чечүүнүн эрежелерин аныктайт Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чек ара режимин сактоо жана эки мамлекеттин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өбөлгө болору күтүлүүдө

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler