Бишкекте таза суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо боюнча 16 миллион евролук долбоордун жыйынтыгы чыгарылды
Бүгүн, 16-июнда Орто-Алыш суу алуучу жайынын аймагында “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун аякташына арналган иш-чара өттү. Ал Швейцария Конфедерациясынын өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы

Бүгүн, 16-июнда Орто-Алыш суу алуучу жайынын аймагында “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун аякташына арналган иш-чара өттү. Ал Швейцария Конфедерациясынын өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, ЕРӨБ аймактык директору Айтен Рустемова жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Сироко Мессерли катышты Айбек Жунушалиев бул жылдар аралыгында борбор шаар тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууда олуттуу көйгөйлөргө туш болгонун айтты. Ал эми долбоордун алкагында ишке ашырылган иш-чаралар суу менен камсыздоо системасын олуттуу бекемдөөгө жана анын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү 16 миллион еврону түзүп, анын 8 миллиону насыя, дагы 8 миллиону грант түрүндө берилген Долбоордун алкагында Орто-Алыш суу алгычында 35 жаңы скважина бургуланып, ишке киргизилди, узундугу 3,2 км магистралдык суу түтүгү курулуп, 11 км канализациялык коллектордун курулушу аяктады. Ичүүчү жана саркынды сууларды көзөмөлдөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыздалган «Долбоорду эффективдүү башкаруунун аркасында Бишкектин түштүк аймагынын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган 3,6 миллион евро гранттык каражатты үнөмдөөгө мүмкүн болду. Натыйжада 2,6 чакырым таза суу түтүктөрү жана 4,9 чакырым канализация тармактары курулуп, 108 даана техника жана төрт даана адистештирилген техникалар сатылып алынды», - деди депутат Долбоор 2025-жылдын май айында бүткөрүлгөн жана жалпы бюджеттин 98% ашыгы менен


