Бишкекте Александр Дилбазинин "Анар бакчасы" аттуу жеке көргөзмөсү ачылат
12-июнь саат 15:00 Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде. Гапар Айтиев сүрөтчү Александр Дилбазинин “Анар бакчасы” аттуу жеке көргөзмөсүнүн ачылышын өткөрөт. Буга чейин Орусия, Грузия, Казакстан жана Түркиядагы эл аралык жайларда сунушталган долбоор Кыргызстанда биринчи жолу кеңири аудиторияга көрсө

12-июнь саат 15:00 Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде. Гапар Айтиев сүрөтчү Александр Дилбазинин “Анар бакчасы” аттуу жеке көргөзмөсүнүн ачылышын өткөрөт. Буга чейин Орусия, Грузия, Казакстан жана Түркиядагы эл аралык жайларда сунушталган долбоор Кыргызстанда биринчи жолу кеңири аудиторияга көрсөтүлөт. Бул тууралуу редакцияга келген пресс-релизде айтылат Уюштуруучулардын айтымында, «Анар бакчасы» долбоору 2015-жылдан бери өнүгүп, ар кайсы элдердин искусствосун, философиясын жана маданий мурастарын бириктирет. Бишкектеги көргөзмө эл аралык маданий диалогдун бир бөлүгү жана сүрөтчүнүн оригиналдуу чыгармачылык ыкмасы менен таанышуу аянтчасы болуп калат Александр Дилбази - илхам, ой жүгүртүү жана көркөм образ аркылуу дүйнөнү маңыздуу кабыл алуу идеясына негизделген "Филарт" кыймылынын сүрөтчүсү жана негиздөөчүсү Сүрөтчүнүн чыгармачылыгы тууралуу кененирээк бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз


