Дайынсыз жоголгон Анарбек уулу Улукбек Бишкектен табылды
Буга чейин дайынсыз жоголгон деп издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Анарбек уулу Улукбек Бишкектен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти Буга чейин милиция аны издөө боюнча маалымат тараткан. РИИБдин маалыматына караганда, аталган жаран 8-май күнү Леваневский көчө

Буга чейин дайынсыз жоголгон деп издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Анарбек уулу Улукбек Бишкектен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти Буга чейин милиция аны издөө боюнча маалымат тараткан. РИИБдин маалыматына караганда, аталган жаран 8-май күнү Леваневский көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 23-майда анын жашаган жерин аныктоого жардам берүү өтүнүчү менен анын эжеси милицияга кайрылган 9-июнда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ички иштер кызматкерлери Анарбек уулу Улукбектин жашаган жерин Бишкек шаарынын аймагынан аныкташкан Ички иштер башкармалыгы учурда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок экенин билдирди


