Бишкекте Дене тарбия жана спорт академиясын реконструкциялоо иштери башталды: Олимпиадалык стандартка жаңыртылат
«Спорт АКИpress» - Президенттин буйругу менен Бишкектеги Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында курулуш иштери башталды, деп билдирди Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы 7-июнда министр Нурдан Орунтаев долбоордук чечимдер жана объекттеги курулуш иштерини

«Спорт АКИpress» - Президенттин буйругу менен Бишкектеги Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында курулуш иштери башталды, деп билдирди Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы 7-июнда министр Нурдан Орунтаев долбоордук чечимдер жана объекттеги курулуш иштеринин баштапкы этабынын жүрүшү менен таанышты. Долбоор стабилдештирүү фондунун эсебинен «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда Окуя болгон жерге барган министр курулуш олимпиадалык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп жатканын айтып, аткарылган иштердин жогорку сапатын камсыз кылууну тапшырды «Тарыхы 70 жылдан ашкан спорт академиясында СССР тарагандан бери пайдаланылбай келген бассейн калыбына келтирилип, реконструкциядан кийин заманбап жабык спорттук жайга айланат.Мындан тышкары стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда Долбоордун алкагында окуу корпустары, кенен класстар, кийим чечүүчү жана санитардык жайлар курулат. Ошондой эле аймакты жакшыртуу жана заманбап инженердик коммуникацияларды тартуу пландалууда», - деп айтылат курулуш министрлигинде Учурда бул жерде эски имараттарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат


