Бишкектин 20 кесилишинде оңго бурулушка уруксат берилет (видео)
Бишкектин Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралынын кесилишинде бир нече кошумча оң бурулуштарды ачууну пландап жатышат. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди Бул кесилиште Абдрахманов көчөсүнө чыгуучу унаалар үчүн оңго бурулуш болот. Абдрахманов көчөсү менен түштүк тарапка бара жаткан уна

Бишкектин Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралынын кесилишинде бир нече кошумча оң бурулуштарды ачууну пландап жатышат. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди Бул кесилиште Абдрахманов көчөсүнө чыгуучу унаалар үчүн оңго бурулуш болот. Абдрахманов көчөсү менен түштүк тарапка бара жаткан унаа кыймылы үчүн дагы бир оңго бурулуш ачылат. Бул үчүн түркүктү жана LED экранды демонтаждоо керек болот. Учурдагы жол кеңейтилип, трассага ыңгайлуу чыгуу уюштурулат Ошондой эле түштүктөн чыгышка оңго бурулса болот. Алиевдин айтымында, буга чейин мындай оңго бурулууга уруксат берилген төрт кесилиш бар. Мисалы, Некрасов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши Алиев кошумча оңго бурулуштар төрт-алты тилкелүү кең жолдордо гана мүмкүн экенин белгиледи. Быйыл жалпысынан 20 кесилиш оңго бурулууга мүмкүндүк берет


