Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте 6 мамлекеттик кызматкер бешбармактан ууланып, экөө ооруканага жаткырылды

«Ден соолук» (АКИpress) - Бишкекте мамлекеттик мекемелердин биринин кызматкерлери бешбармак менен чучукка ууланды. Маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тастыктады Жабырлануучулар үйлөрүнөн алып келген кайра бышырылган этти жешкен. Жалпысынан 6 адам жабыркап, алардын

0 көрүүakipress.org
Бишкекте 6 мамлекеттик кызматкер бешбармактан ууланып, экөө ооруканага жаткырылды
Paylaş:

«Ден соолук» (АКИpress) - Бишкекте мамлекеттик мекемелердин биринин кызматкерлери бешбармак менен чучукка ууланды. Маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тастыктады Жабырлануучулар үйлөрүнөн алып келген кайра бышырылган этти жешкен. Жалпысынан 6 адам жабыркап, алардын экөө ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук дарыланууда Эпидемиологдор ысык мезгилдин башталышы менен тамак-аштан уулануу коркунучу көбөйөрүн билдиришти. Алар жарандарды азык-түлүктүн сактоо шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө көңүл бурууга, ошондой эле шектүү тамактарды, анын ичинде үйдөн же тойлордон алынып келинген тамак-аштарды жебөөгө чакырат Адистер азык-түлүктөрдү жана даяр тамактарды стационардык коомдук тамактануучу жайлардан гана сатып алууну жана коопсуз тамак-аштын негизги эрежелерин сактоону сунуштайт: тазалыкты сактоо, чийки жана даярдалган тамак-аштарды бөлүү, тамак-ашты жакшылап термикалык иштетүү, тамак-ашты коопсуз температурада сактоо жана таза сууну колдонуу

Diğer Haberler