Баткен районунда 60 чакырым СИП-2 жана СИП-3 зымдарын орнотуу иштери жүрүп жатат
2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында Баткен облусунда чыңалуусу 6–10/0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 60 чакырым алюминий зымдарын заманбап СИП-2 жана СИП-3 зымдарына алмаштыруу пландаштырылууда Бүгүнкү күндө 6 чакырым линия алмаштырылып, облустун бардык райондор

2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында Баткен облусунда чыңалуусу 6–10/0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 60 чакырым алюминий зымдарын заманбап СИП-2 жана СИП-3 зымдарына алмаштыруу пландаштырылууда Бүгүнкү күндө 6 чакырым линия алмаштырылып, облустун бардык райондорунда СИП кабелдерин тартуу иштери этап менен уланууда. Бул долбоорду ишке ашыруу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат Атап айтканда, 6–10/0,4 кВ аба электр чубалгыларын куруунун жана реконструкциялоонун алкагында төмөнкүлөр каралган: • СИП-2 зымы боюнча 10,55 км линияларды куруу; • СИП-3 зымы менен 3 км линия куруу; • алюминий зымды СИП-2ге алмаштыруу менен 13,47 км линияны реконструкциялоо; • алюминий зымды СИП-3 менен алмаштыруу менен 33 км линияны реконструкциялоо Учурда төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө: СИП кабелдерин орнотуу боюнча иштер электр тармактарын модернизациялоонун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат жана үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин уланат. Көрүлгөн чаралар калкты сапаттуу, ишенимдүү жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт. Жаңыланган электр берүү линиялары электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат, авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтат, электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтат жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылат Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолоруңуз болсо, 24 саат бою иштеген колл-борборго кайрылсаңыз болот: Колл-борбордун номерлери: 105; Баткен РЭС Сүлүктү РЭС - Лейлек РЭС - Кадамжай РЭС Кызыл-Кыя РЭС


