Баткен районунун Ак-Татыр айылында селдин кесепеттери жоюлуп
Алдын ала маалымат боюнча, 2-майда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 280-чакырымында унаа кыймылы убактылуу жабылган. Учурда өтмөк ачык экенин ӨКМ билдирди Кырсыктарды жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча ыкчам тобу, N

Алдын ала маалымат боюнча, 2-майда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 280-чакырымында унаа кыймылы убактылуу жабылган. Учурда өтмөк ачык экенин ӨКМ билдирди Кырсыктарды жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча ыкчам тобу, No31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, 3-өзүнчө издөө-куткаруу отряды тартылган. Мындан тышкары, Баткен районунун Үч-Дөбө айылында кооптуу аймактан - сел каналынын жээгинен 35 үй-бүлө (149 адам) коопсуз жайларга көчүрүлдү Саат 09:30га карата Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтү. Селдин кесепеттерин жоюуга 158 адам, 28 техника тартылган. Жеринде КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов ишти координациялап, абал менен таанышты

