Бүткүл дүйнөлүк конгресстин алкагында Баткен облусунда “Биримдик кербени” долбоору башталды -
2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган “Биримдик кербени” долбоору Баткен облусунда расмий башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди Долбоордун алкагында «Баатыр» жана «Элчилер» топтору Баткен районундагы

2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган “Биримдик кербени” долбоору Баткен облусунда расмий башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди Долбоордун алкагында «Баатыр» жана «Элчилер» топтору Баткен районундагы ыйык Суу-Башы булагынан атайын жасалган көөкөр кумурага суу чогултушту. Андан соң кербен маданий программанын коштоосунда облус борборунун башкы аянтын көздөй жөнөштү Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, катышуучуларды долбоордун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө “Биримдик кербени” өлкөнүн бардык аймактарын бириктирген маанилүү руханий демилге экенин белгилеп, улуттук ынтымак менен биримдиктин маанилүүлүгүн белгиледи Мындан тышкары, долбоордун алкагында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) атайын балдар кербенин уюштуруп, өспүрүмдөр үчүн улуттук оюндар боюнча көрсөтмөлүү программалар өткөрүлдү Суу чыккан Суу-Башы булагы ыйык жерлердин бири болуп, Баткен районунун Кара-Булак айылынын үстүндөгү тоонун этегинде жайгашкан “Ынтымак кербени” долбоорунун негизги максаты – Кыргызстандын бардык аймактарындагы ыйык булактардын суусун чогултуп, бириктирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жеткирүү. Чогулган суу элдердин достугунун, ынтымактын жана биримдиктин символу болуп, Бүткүл дүйнөлүк конгресстин алкагындагы атайын салтанаттарда колдонулат


