Баткенде 1 миллион 200 миң сом алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Баткенде “Өткөрүп берүү” ыкчам-профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициянын маалыматына караганда, иш-чара Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1-июндан 5-июнга чей

Баткенде “Өткөрүп берүү” ыкчам-профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициянын маалыматына караганда, иш-чара Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1-июндан 5-июнга чейин жүргүзүлгөн Милиция кызматкерлерине Баткен шаарынын 46 жаштагы Ф.А. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну, мурда тааныш болгон М.А.Р., андан унаа алып сатам деген шылтоо менен 1 млн 225 миң сом карыз алып, ушул күнгө чейин кайрылып келе электигин билдирген Бул факты боюнча, ошондой эле башка ушул сыяктуу иштер боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иштери козголгон Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү М.А.Р. аттуу жаран аныкталып, Бишкек шаарынан кармалган. Ал Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген Учурда тергөө иштери уланууда


