Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Баткенде селден жабыркаган электр тармактарын калыбына келтирүү иштери уланууда

2026-жылдын 2-майында саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүргөн. Кырсыктын кесепетинен сел жеке турак жайларды жана чарбалык участокторду каптаган. Ак-Сай айылында жайгашкан 35/10 кВ «Самаркандек» көмөкчордонунан ч

0 көрүүknews.kg
Баткенде селден жабыркаган электр тармактарын калыбына келтирүү иштери уланууда
Paylaş:

2026-жылдын 2-майында саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүргөн. Кырсыктын кесепетинен сел жеке турак жайларды жана чарбалык участокторду каптаган. Ак-Сай айылында жайгашкан 35/10 кВ «Самаркандек» көмөкчордонунан чыккан «Самаркандек» аба чубалгысында селдин кесепетинен электр чубалгыларынын 3 тирөөчтөрү бузулуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам райондун айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди Баткен электр тармактар ишканасы «Баткен бөлүштүрүүчү зонасы» ишканасы авариялык калыбына келтирүү иштерин ыкчам уюштуруп, күчөтүлгөн режимде жүргүздү. Адистер түнү бою иштеп, Самаркандек айыл аймагында электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди Учурда Ак-Сай айылында 10 кызматкер жана 2 техника тартылып, бузулган тирөөчтөрдүн ордуна жаңы тирөөчтөрдү орнотуу, бузулган зымдарды алмаштыруу жана электр тармактарын толук калыбына келтирүү иштери кызуу уланууда Тиешелүү кызматтар кырдаалды толук көзөмөлгө алып, камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшөт

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler