Бакуда «Жомоктор дуйнесунда» аттуу программа тартууланды. - ФОТО
Муслим Магомаев атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясы жана Азербайжан мамлекеттик балдар филармониясы тарабынан уюштурулган “Балдар ааламы” I Эл аралык музыка фестивалынын алкагында “Жомоктор дүйнөсүндө” программасы тартууланды, деп билдирет Day.Az Конокторго балдар үчүн жаркын

Муслим Магомаев атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясы жана Азербайжан мамлекеттик балдар филармониясы тарабынан уюштурулган “Балдар ааламы” I Эл аралык музыка фестивалынын алкагында “Жомоктор дүйнөсүндө” программасы тартууланды, деп билдирет Day.Az Конокторго балдар үчүн жаркын жана эсте каларлык чыгармалары менен таанымал жазуучу Лала Умуддун “Ыр чогулткан куш” жомогу боюнча көркөм окуу форматында даярдалган сахналык шоу тартууланды Азербайжан Мамлекеттик Балдар Филармониясынын алдындагы Музыкалуу балдар театрынын жаш артисттери ездерунун чын ыкластуу жана эмо-ционалдуу спектаклдери, ошондой эле сахналык чеберчиликтери менен то-машачыларды жомоктордун сыйкырдуу дуйнесуне тартып алышты. Спектаклди режиссер Насими Алиев койгон Иш-чаранын соңунда жомоктун автору Лала Умуд жаш окурмандарга ыраазычылык билдирип, келечектеги иштерине ийгиликтерди каалап, белектерин тапшырды. Ал ошондой эле балдар филармониясынын директору Саида Тагизадеге жана режиссер Насими Алиевге иш-чараны уюштуруп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди Белгилей кетсек, бул жомокту жазуучу балдар филармониясынын театралдык тобу үчүн атайын жазган. Режиссер Насими Алиевдин айтымында, жакынкы арада музыкалык балдар театрынын аткаруусундагы “Ыр чогулткан куш” спектаклинин толук версиясын көрүүчүлөргө тартуулоо пландалууда Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик балдар филармониясынын көркөм студиясынын студенттеринин эмгектеринин көргөзмөсү да уюштурулду (мугалимдери – Гүнай Гараева жана Нармина Мирзалиева) Программа аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар, ал эми мугалимдерге ыраазычылык каттары тапшырылды Маалыматтык колдоо - Trend.Az, Day.Az, Milli.Az Текстте ката байкадыңызбы? Текстти тандап, тергичтен Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз


