Азербайжанда логистиканы санариптештирүү уланууда
Азербайжанда транспорт системасы активдүү санариптештирүүнү улантууда жана жүк ташуу тармагындагы дээрлик бардык кызматтар электрондук форматка өткөрүлдү Бул тууралуу Азербайжандын кургактагы транспорт агенттигинин жүк ташуу департаментинин директору Субхан Абилов Бакуда өтүп жаткан “Транспорт, тр

Азербайжанда транспорт системасы активдүү санариптештирүүнү улантууда жана жүк ташуу тармагындагы дээрлик бардык кызматтар электрондук форматка өткөрүлдү Бул тууралуу Азербайжандын кургактагы транспорт агенттигинин жүк ташуу департаментинин директору Субхан Абилов Бакуда өтүп жаткан “Транспорт, транзит жана логистика” аттуу II Каспий эл аралык форумунда билдирди Анын айтымында, санариптик чечимдер өлкөнүн транспорт тармагын реформалоонун негизги багыты болуп калды. Уруксат берүүчү документтерди электрондук форматка которуу өзгөчө мааниге ээ Анын айтымында, бул эл аралык жүк ташуу процессин бир топ жөнөкөйлөштүрдү, анткени чет элдик ташуучулар өлкөгө кирбестен аралыктан арыз берип, төлөмдөрдү жүргүзүп жана уруксат ала алышат Абилов кошумчалагандай, Азербайжан буга чейин бир катар өлкөлөр менен уруксаттарды санариптик алмашуу системасын киргизген жана аны кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат Анын айтымында, санариптештирүү ачык-айкындуулукка жана процедураларды жөнөкөйлөтүүгө негизделген эл аралык ташуулардын жаңы моделин калыптандырууда Белгилей кетсек, Баку шаарында TransLogistica Caspian 2026 көргөзмөсүнүн алкагында “Транспорт, транзит жана логистика” II Каспий эл аралык форуму өтүп жатат жана ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана транспорт-логистика тармагындагы алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү катышууда Текстте ката байкадыңызбы? Текстти тандап, тергичтен Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз


