Араван районунда аутизм менен ооруган балдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу сунушталды
«Ден соолук» (АКИpress) - Араван районуна аутизм жана өнүгүүсүнүн бузулушу менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбор керек, деп билдирди депутат Айгүл Ахмедова бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Анын айтымында, райондо аутизм спектри бузулган, акыл-эс жана сүйлөө артта калган, кө

«Ден соолук» (АКИpress) - Араван районуна аутизм жана өнүгүүсүнүн бузулушу менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбор керек, деп билдирди депутат Айгүл Ахмедова бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Анын айтымында, райондо аутизм спектри бузулган, акыл-эс жана сүйлөө артта калган, көңүл тартыштыгы гиперактивдүүлүк бузулган балдар үчүн адистештирилген борборго муктаждык бар Депутат мындай борбордо профессионалдык терапевт, дефектолог, логопед, нейропсихолог, ошондой эле ата-энелерге жардам көрсөткөн психологдор иштеши керектигин айтты Анын айтымында, учурда райондун тургундары башка аймактардагы адистерге баруу үчүн кошумча акча жана убакыт коротууга аргасыз Ахмедова бийликти Араван районунда реабилитациялык борбор түзүү маселесин кароого чакырды

