Андижанда 41 жаштагы полиция инспектору жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган деп айыпталууда
Өзбекстан, Ташкент – Podrobno.uz. Анжиян облусунда жашы жете элек баланын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган деп шектелген РИИБдин инспектору убактылуу кармоочу жайга киргизилди Бул тууралуу маалыматты республиканын Башкы прокуратурасы социалдык тармактардагы билдирүүлөрдүн фонунда тас

Өзбекстан, Ташкент – Podrobno.uz. Анжиян облусунда жашы жете элек баланын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган деп шектелген РИИБдин инспектору убактылуу кармоочу жайга киргизилди Бул тууралуу маалыматты республиканын Башкы прокуратурасы социалдык тармактардагы билдирүүлөрдүн фонунда тастыктады Тергөөнүн жүрүшүнө үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда үйүнөн чыгып кеткен жашы жете элек 2010-жылы туулган жарандын дайынсыз жоголушу боюнча Кургантепе райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө себеп болгон. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Анжиян облусунун ички иштер башкармалыгынын жашы жете электерге социалдык-укуктук жардам көрсөтүү борборунун инспектор-социалдык кызматкери кызды Анжиян шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, жыныстык катнашка барганы белгилүү болду Бул фактынын негизинде 4-июнда ички иштер органдарынын кызматкерине Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 3-бөлүгүнүн “в” пункту (он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка баруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган Буга чейин бул ишке Анжиян бокс мектебинин белгилүү өкүлү, 2004-жылкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, ИИМде майор кызматын аркалаган Баходир Султонов катыштыгы бар экендиги айтылган. Учурда Кургантепа райондук прокуратурасы тарабынан алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшү мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана акыркы мыйзамдуу чечим чыгаруу максатында облустук прокуратуранын көзөмөлүндө


