Аламүдүн районунда 32,6 гектар жайыт жери мамлекетке кайтарылган
Аламүдүн районунда 459 миллион сомдон ашык 32,6 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан А.Сыдыков атындагы айыл аймагынын аймагында жайгашкан жайыт жерлерин жеке менчикке өткөрүүдө жер мыйзамдарын бузуу ф

Аламүдүн районунда 459 миллион сомдон ашык 32,6 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан А.Сыдыков атындагы айыл аймагынын аймагында жайгашкан жайыт жерлерин жеке менчикке өткөрүүдө жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган 2011-жылы 32,6 гектар жер тилкеси жайыт жерлеринин категориясынан мыйзамсыз түрдө башка категорияга өткөрүлүп, мыйзамда белгиленген аукцион өткөрүлбөстөн жеке менчикке өткөндүгү аныкталган Көрүлгөн прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгы менен базар баасы 459 млн 84 миң сомду түзгөн аянты 32,6 га болгон аталган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылган


