Ооганстанда сейил бакта адамдарды атып кетишти
Ооганстандын Герат провинциясынын Инжил районунда мотоцикл минген белгисиз куралчан адамдар карапайым элге ок чыгарышкан. Бул тууралуу Ariana маалымат порталы билдирди Окуя 10-апрелде түштөн кийин Габарзун айылында болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салгандар кишилерди чогулган эс алуу

Ооганстандын Герат провинциясынын Инжил районунда мотоцикл минген белгисиз куралчан адамдар карапайым элге ок чыгарышкан. Бул тууралуу Ariana маалымат порталы билдирди Окуя 10-апрелде түштөн кийин Габарзун айылында болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салгандар кишилерди чогулган эс алуучулардын арасынан бөлүп, аялдар менен балдардын көзүнчө атып салышкан. Качууга аракет кылган аялдар да өлтүрүлгөн. Жабыркагандардын арасында балдар да бар Белгиленгендей, кол салууга дуушар болгон тургундар шииттердин Сейед Мухаммед Ага храмына зыярат кылып, жергиликтүү паркта эс алып жатышкан


